Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Зилзала Ганьсу жана Цинхай провинцияларында болуп, бир нече адамдын өмүрүн алган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза тапканына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында анын маалымат кызматы билдирди.
Жаратылыш кырсыгы өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында кечээ түнү 6,2 магнитудасында болуп, 118 адамдын өмүрүн алган.
Мамлекет башчы жер титирөөнүн кесепетинен Кытайдын провинцияларында көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылып жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирген.
"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтам, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат телеграммада.
Адам өмүрлөрүн алган жер титирөө. Садыр Жапаров Непал президентине көңүл айтты