Путин: Россия Украинанын эгемендүүлүгүнүн жападан жалгыз кепили болчу

Россиянын лидери Украинанын батыш тарабындагы жерлерин Сталин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин берип койгонун эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия Украинанын эгемендүүлүгүнүн жана аймактык бүтүндүгүнүн жападан жалгыз кепили болгон. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Коргоо министрлигинин кеңейтилген коллегиялык жыйынында билдирди.
“Россия Советтер Союзун түзгөндө Россиянын ири тарыхый аймактарын калкы менен кошуп жөн эле берип койгон. Бул аймактагы өтө көптөгөн ресурстар дагы кеткен”, — деди ал.
Россиянын лидери Украинанын батыш тарабындагы жерлерин Сталин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин берип койгонун эске салды.
“Сталин поляктарын жеринин бир бөлүгүн берген. Ал эми поляктарды таарынтпаш үчүн Германиянын чыгыштагы жерин берип компенсация кылган. Бир бөлүгүн Румыниядан, дагы бир бөлүгүн Венгриядан алып, баарын Украинага берген. Ал жакта жашаган эл тарыхый мекенине кайткысы келет. Ал эми жерин жоготкон өлкөлөр кайтарып алууну эңсеп отурушат”, — деди Путин.
Ошондой эле ал тарых баарын өз ордуна коёрун, Россия тоскоолдук кылбай, ошол эле учурда өзүнүкүн бербей турганын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: АКШ Россия менен Европаны Украинадагы жаңжалга атайылап түрттү