Путин НАТО тууралуу: калпты уялбастан айтышат

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. НАТО Чыгышты көздөй бир кадам дагы кеңейбейт деп калпты уялбастан айтышкан. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Коргоо министрлигинин кеңейтилген форматтагы жыйынында билдирди.
"Финляндияны НАТОго тартып алышты. Швециянын кошулушу дагы пландалып жатат. Альянс биздин чек араларга ушинтип жакындап келе жатат. 1991-жылы Горбачевго Чыгышты көздөй бир кадам дагы аттабайбыз деп убада беришкени баарыбыздын эсибизде. Мына эми көрүп алгыла, өнөктөштөрүбүз ушундай. Кадам сайын уялбастан калп айтышат", — деди Россия президенти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыш Украинадагы агрессивдүү максаттарынан баш тартпай жатат