БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда азырынча TikTok жабылбайт. Бул тууралуу Санарип министрлигинин байланыш тармагын көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
30-август күнү Маданият министрлигинен сервисти жаап салуу өтүнүчү жазылган кат келген. Анда балдарга терс таасир эткен контент жана жалган маалыматтар боюнча арыздар түшкөнү айтылган.
"Азырынча соттун чечими жок. Анын үстүнө Маданият министрлиги менен тиркемени иштеп чыккандар бир макулдашууга келишкен. Сервис штаттык режимде иштеп жатат", — деди Токторбаев.
Ал ошондой эле бийликтин тиркемени жаап салууга техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.