УКМК: Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" мамлекетке өттү

УКМК Камчы Көлбаевге таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ыкчам тергөө амалдарын улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" туристтик-экскурсиялык борбору мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, борборду анын мурдагы ээси Александр Сан мамлекеттин балансына өткөргөн.
"Республикалык бюджетке 537 миллион сом кайтарылды. Мындан тышкары, УКМК Камчы Көлбаевге таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ыкчам тергөө амалдарын улантууда", — дешти ведомстводон.
Эске салсак, буга чейин УКМК "Золотой дракон" ресторанынын ээси Борис Сандын уулу Александр Санды кармаган. Ал "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу Ильшаттын шериги болгон деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, Сан менен Салимов "Магнат" турак жай комплексиндеги 300 миң долларлык батирди Көлбаевдин таасири менен тартып алышкан.
Ысык-Көлдө Көлбаевге тиешелүү делген 115 гектар жер кайтарылды. Сүрөт