УКМК: өмүр бою кесилген киши эркиндикке чыгып ишкерлерди тоноп жүргөн

Атайын кызмат учурда буга чейин соттолгон адам кандайча эркиндикке чыкканын текшерүүдө. Бул чечимди чыгаргандардын аракетине юридикалык баа берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда Женго каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Ж.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, шектүү бизнесменди коркутуп акчасын тартып алган деп айыпталууда. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.
"Ж.Т. 2017-жылы "Каракчылык", "Зордуктоо" жана "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренелери боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2022-жылы сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Буга жооптуу судьялардын аракети иликтенип жатат", — деп айтылат маалыматта.
УКМК тараткан видеодон көрүнүп тургандай, кармоо учурунда ал мурда соттолбогонун айткан, бирок бир ургандан кийин "ооба" деп жооп берген.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү УКМКнын Жалал-Абад облусундагы терөө абагына киргизилген.
Бишкекте дагы бир кримтөбөлдүн өлүмүнүн бети ачылды. Окуя 2010-жылы болгон