Радио

Быйыл 13 миӊден ашык жаран чет мамлекетте ишке орноштурулду

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев кыргызстандыктар 25 мамлекетте ишке орношо аларын айтты.
Sputnik
Биздин борбор менен агенттиктер 13 миӊден ашык жаранды чет мамлекетте ишке орноштурду. Калган мигранттар — стихиялуу жол менен жумуш издеп кеткендер. Бул тууралуу Бактыбек Кудайбердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар Россия, Перс булуӊундагы өлкөлөр, Улуу Британия, Түштүк Корея, Түркия, Германия, Польша, Венгрия, Япония, Болгария жана башка мамлекеттерге барып иштешет.
"Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору жумушка орноштуруу, жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер менен иштешүү, кара тизме (РФте "кара тизме" кирүүгө убактылуу тыюу салынгандыгын текшерүү боюнча туруктуу негизде маалыматтык сурап-билүү иштерин жүргүзөт) жана 200-жүк кызматын аткарат. Учурда лицензиясы бар, жумуш менен камсыз кылган 156 жеке агенттик иштейт. Биздин борбор менен агенттиктер 13 миӊден ашык жаранды чет мамлекетте ишке орноштурду. Калган мигранттар стихиялуу жол менен жумуш издеп кетишти. Биздин максат жарандарды легалдуу түрдө ишке орноштуруп, алардын укуктарын коргоо болуп саналат. Быйыл Улуу Британиянын төрт оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстанга 8 000 квота берилген. Жумушка орношчулар орус тилин билиши керек деген талап бар. Биз 5 200 адамды кыска мөөнөттүү жумушка жиберип, алардын көбү кайтып келди. Бул жылы Түштүк Корея кыргызстандыктар үчүн 2 700 жумуш ордун ачкан эле. Бирок алардын корей тилин билүү талабы болгондуктан 422 адам гана жумушка орношо алды. Тилекке каршы, биздин жарандар "чет мамлекетке эртерээк жөнөтүп жиберем" деген шылуундарга акча берип, алданып калып жатышат. Бул фактылар каттоого алынып ИИМге өткөрүп берилген. Айтайын дегеним, биздин борбор аркылуу бекер жана коопсуз жумушка орношуу мүмкүн. Андыктан мүмкүнчүлүктү башка жактан издебеӊиздер", — деди Кудайбердиев.
Ал Корея жана Япония жумушчулардын тил билүүсүн талап кылганы менен айлык акысы жогору кесиптик иштерге чакырышарын кошумчалады.