Бишкекте өрт чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Борбор калаада Калык Акиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май алмаштыруучу жайдан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуяга күбө болгондор анын жанында Wildberries товарларды берүү пункту жайгашкандыгын айтышууда.
Жалынды өчүрүүгө саат 14:58де Биринчи май районундагы өрт өчүрүүчүлөрдөн эки бригада жана ага удаа эле өрт өчүрүүчү штаб тартылган.
Министрликтен кошумча маалымат берилерин айтышты.
Бишкекте түтүнгө толгон жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды