УКМК: Ала-Букада аткезчиликке көмөктөшкөн деп 8 чек арачы кармалды

Кармалгандар кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында өткөрүү пунктунда атайын орнотулган камераларга жазылып калбасын деп объект жайгашкан аймакта электр энергиясын өчүрүп турушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн деп сегиз чек арачы менен беш жай тургун кармалганын УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармоо иштери буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчилигинин жардамы менен "Баймак" өткөрүү пунктунда жүргөн.
"Чек арачылар көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүп жаткан учурда кармалган. Көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин туруктуу контрабанда каналын уюштуруп, жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталды. Аталган кызматкерлер акчалай сыйлык үчүн түн ичинде контрабандалык жүктөрдү өткөрүүгө көмөктөшкөн. Кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында өткөрүү пунктунда атайын орнотулган видеокөзөмөл камераларына жазылып калбасын деп объект жайгашкан аймакта электр энергиясын өчүрүп турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК: Жалал-Абадда милиционер баңгизат сатып жатканда кармалды