БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. АКШ Россия менен Европаны Украинадагы жаңжалга атайын түртүп чыгарып, өз максатына жетишти. Бирок Москванын башка варианты болгон эмес. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин кеңейтилген коллегиялык жыйынында билдирди.
“Тилекке каршы, АКШ Россия менен Европанын мамилесин бузуп, көздөгөн максатына жетти. Биз андан башкача жолду тандай алган жокпуз. Болбосо баарын таштап, алар Россиянын түпкүлүгүн жок кылып жатканын карап отурушубуз керек эле. Биз андайга жол бермек эмеспиз, аны түшүнүп турса да атайын жасашты”, — деди Путин.
Анын айтымында, Россия менен Европанын жакындашып жатканы АКШны тынчсыздандырып, Москва менен башка өлкөлөрдү коркутуп турган. Бирок Москва Европа менен согушууга камынган эмес, азыр да андай планы жок.
“Россия эч качан Европанын иштерине кийлигишкен эмес, кийлигишпейт дагы. Деген менен бул өздөрүнүн, Европа элинин тандоосу”, — деди РФ лидери.
Ошондой эле ал Европанын жарандары чынында эмне болуп жатканын акырындык менен аңдай баштаганын, ошондуктан да кандайдыр бир кадамдар жасалып жатканын белгиледи.