20-декабрга карата аба ырайы

20-декабрга караган түнү тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаап, айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3...8, Ысык-Көл аймагында 1...6, Нарын жергесинде -3...2 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 2...4, ал эми Ош шаарында 4...6 градуска чейин жетет.
Радио
Шокенов: 11 айда 23 миңдей статистикалык маалымат чыкты