Радио

Шокенов: 11 айда 23 миңдей статистикалык маалымат чыкты

Улуттук статистика комитетинин төрөгасынын орун басары Бакытбек Шокенов 11 айдын жыйынтыгына токтолду.
Sputnik
Соңку 11 айда Улуттук статистика комитети 23 миңдей статистикалык маалымат чыгарды. Бул тууралуу Бакытбек Шокенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адистин айтымында, анын ичинен 825и экспресс маалымат болгон.
"2023-жылы биздин комитет тарабынан бир топ иштер аткарылды. 11 айдын жыйынтыгы менен жалпы 23 миңдей статистикалык маалымат чыкты. 78 экономикалык баяндама, 825 экспресс маалымат, 460 статистикалык бюллетень, 98 статистикалык жыйнактар даярдалып чыгарылды. Соода жүгүртүүнүн көлөмү да былтыркы жылга салыштырмалуу 17,9 пайызга өстү. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы менен бир кызматкердин орточо айлыгы 32 174 сомду түздү", — деди Шокенов.
Ал бир эле статистикалык маалыматты аныкташ үчүн бир канча адис иш алып барарын жана ага көптөгөн убакыт талап кылынарын кошумчалады.