БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, колго түшкөн кызматкер милициянын айылдык бөлүмүндө иштеп келген.
"Укук коргоочу Жалал-Абад облусунун аймагында ири партиядагы баңгизатты ташуу жана сатуу менен алектенип келген. Ал афган чарсын сатуу учурунда колго түшкөн. Баңгизатын жүгүртүүгө катышкан И. И. И., У. Ш. М. аттуу жарандар дагы кармалды. Алынган заттын салмагы 562 граммды түздү", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандардын бардыгы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.