Эл аралык валюта фонду Украина Батыштын жардамысыз канчага чыдаарын айтты

Акыркы күндөрү Украинага Батыштан келе турган жардам кыйла кыскарды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Украина Батыштын финансылык жардамысыз эки айга чыдайт. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун директор-бөлүштүрүүчүсү Кристалина Георгиева Financial Times гезитине курган маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Киев каржылоосуз эки айга туруштук берет", — деген уюм жетекчиси.
ЭВФтин башчысы Батыш мамлекеттерин Украина экономикасынын кыйроосуна жол бербөө үчүн "тез арада ондогон миллиард доллар бөлүүгө" чакырган. Анын айтымында, каражаттын мындан аркы токтотулушу Киев бийлигин "акча басуу сыяктуу туруксуздукка кептөөчү саясатка" кайтууга аргасыз кылат.
Акыркы күндөрү Украинага Батыштан келчү жардам кыйла кыскарды. Ак үй бир нече аптадан кийин Украинага колдоо көрсөтүүгө мүмкүн болбой каларын айтып келет, мындан ары жардам көрсөтүлөт деген кепилдик жок. Мындан тышкары, Венгрия Евробиримдиктин 66 миллиард евро өлчөмүндөгү көп жылдык бюджетин көбөйтүү макулдашуусун бөгөттөп салды, анын ичинде Киев үчүн 50 миллиард евро каралган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Киевге жардам бере албайт. АКШда Россиянын жеңиши тууралуу айтыла баштады