Sputnik Кыргызстан агенттигинде Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева тамак-аш коопсуздугу жана борбор калаада жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маек курду.
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Борбордогу тамактануучу жайларга жасалган рейддик текшерүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырсаңыз?
— Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти борбор калаанын төрт районунун муниципалдык администрациялары жана ички иштер бөлүмү менен биргеликте коомдук тамактануу жайларындагы санитардык нормалардын сакталышын жана укук бузууларды алдын алуу боюнча рейддик текшерүүлөрдү жүргүздү. Коомдук тамактануу ишканаларында санитардык нормалары бузулган фактыларды аныктоого багытталган рейддик текшерүүлөр, бузуулар аныкталган жерлерде ишканалардын жетекчилерин "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин талаптары менен тааныштыруу максатында түшүндүрүү иштери жүрдү. Борбор калаада коомдук тамактануучу жайлардын саны козу карындай көбөйүп жатат. Тамактан уулангандардын саны да аз эмес. Ичеги-карын оорулары да коомдук тамактануу жайларында тартип, талаптар сакталбагандыктан болот. Кафе, чайкана, ашканалар ой келди текшериле бербейт. Элден арыз, кайрылуу түшүп калган учурда пландуу эмес текшерүү жүрүп турат. Учурда аталган жай ээлеринин жоопкерчилиги төмөн болууда. Басымдуу бөлүгү санитардык нормалар, гигиеналык талаптар тууралуу толук билбейт. Ар кандай жайларды ижарага алып эле ишин баштай берет. Ошондуктан коомдук тамактануучу жайлардын абалы жакшы эмес. Кол алдында иштеген жумушчулар талаптарды билбесе өтө кыйын. 2005-жылдан бери коомдук тамак-аш жайлары лицензияланбаган объектинин түрүнө киргендиктен атайын санитардык эпидемиологиялык талаптарга жооп берет деген актыларды алуу реестрден алып салынган. Азыркы ишкерлердин бизге кайрылбай жатканы да ошондон. Акыркы учурда массалык уулануу көп катталды. Заңгыраган тойканаларда деле эл отуруучу залы жаркырап турат, бирок ашканасы талапка жооп бербейт. Санитардык норма сакталбаса үч күндөн 30 күнгө чейин эскертүү беребиз. Мында да жыйынтык чыкпаса атайын берененин негизинде айып пулга жыгылат. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларга келгендерге жана кызматкерлерге тамеки чегүүгө тыюу салуу белгилерин коюу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен санитардык талаптарды бузуу боюнча 480 токтом чыгарылып, 5 миллион 398 миӊ сом айып пул чегерилди. Ал эми залда тамеки тартуу боюнча 74 протокол түзүлүп, 962 миң сом айып салынды. Мындан сырткары, талаптарга жооп бербеген 32 коомдук тамактануучу жай убактылуу жабылса, анын жарымын биротоло жабууга туура келди. Бизге баш ийбегендер укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.
— Бишкек шаарындагы бардык тамактануучу жайларды көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүгүңүздөр жетеби?
— Бир жыл ичинде баарын кыдырууга аракет кылабыз. Бирок толук кандуу текшеребиз дегенден алысмын. Анткени талапка жооп берген объектилерди текшергенче, жооп бербеген жайларды бир жылда эки жолу текшерип, талапка ылайыктоону максат кылып келебиз. Ошондуктан борбордо 2,5 миңге жакын тамактануучу жай болсо, анын 2000ге жакынын камтыганга аракет кылабыз. Азыр коомдук тамактануучу жайларда үйрөнчүк ашпозчулар көбөйүп кетти. Кенедей ашканасы бар тез татымдар, кофейнялар, суши-роллы жайлары арбыды. Ингредиенттерди тазалоо процесси менен тамак жасоо процесси бир эле бөлмөдө жүрөт. Бул гигиенага жооп бербейт. Негизинен ашпозчулар эртең менен келип эле жарым фабрикат тамактарды даярдап муздаткычтарга салып коёт. Кардарлар, буюртмалар ар кандай болуп калат. Даярдалган жарым фабрикат көпкө туруп калса зыяндуу бактериялар тамакта көбөйүп кетет.
Гигиеналык эрежелер боюнча ар бир жумушчу окутуудан өтүшү керек. Ал окуулар шаардык Ден соолукту чыңдоо борборунда жүрүп, санитардык китепчесинин 27-бетине мөөр басып берет. Биз көбүнчө ишкананын бардык коллективин даярдыктан өткөрүүгө аракет кылабыз. Микробиологиялык түшүнүктөн баштап жеке гигиенаны сактоо боюнча сабактарды өтүп, окутуудан өттү деген атайын мөөр менен бекитип беребиз. Андан тышкары, тренингдер өткөрүлөт. Учурда эл аралык стандарттарга жооп бере турган ишканалардын ээлери биз менен иштешүүгө кызыкдар болууда.
— ХАССП системасы киргизилип жатыптыр. Негизи аны толук ишке ашыруу үчүн канча убакыт жетиштүү деп ойлойсуз?
— ХАССП (азык-түлүк коопсуздугун баалоого негизделген, коркунучтарды талдоо жана критикалык көзөмөлүн чектөө системасы) системасын киргизүүнүн талабы Бажы союзунун техникалык регламентинде айтылган. Бул система менен шаарда бирин-экин гана коомдук тамактануучу жай иштеп жатат. Кызыкдар болгон жетекчилер, менеджерлер келип окушууда. Бул системаны киргизүүгө ар бир ишкер кызыкдар болушу керек. ХАССП системасы менен иштеген жайда гигиеналык талаптар жакшы сакталат. Кайрылгандарга ишти андан ары алып кетүүгө жардам бере алабыз. Ишкерлер бизден маалыматтарды алып турса жакшы болот эле. Негизи текшерүү кагазына бардык санитардык-гигиеналык талаптар камтылган. Нормативдик документтерге атайын шилтеме менен кирип, эл аралык стандарттарга ылайык ХАССП системасын киргизүү элементтери менен таанышып турат. Муну билип алышса жакшы болмок.
— Коопсуз ашканаларга атайын белги коюу аркылуу тамакка ууланууну алдын алууга болобу?
— 2019-жылдары пилоттук долбоор катары Бишкек менен Ысык-Көл облусундагы коомдук тамактануучу жайларды текшерип, санитардык нормадан өткөндөрүнө атайын стикерлерди чаптап иштеп келгенбиз. Бирок коронавирустан кийин бул долбоор улантылган жок. Өкмөттүн жаңыртылган токтому менен уланышы зарыл эле. Жашыл стикер — коопсуз, сары — ойлонууга туура келет, ал эми кызылы кооптуу дегенди билдирет. Европадан алынган ыкмага жараша бул тамактануучу жайлардын рейтинги Экономика министрлигинин сайтына да чагылдырылып турчу. Анын натыйжасы менен балл берилип турат. Бирок жашыл стикерде турган ресторанга тамак-аш боюнча арыз же бир эле инцидент катталса, анда кызылга түшүп калат. Кызылдан жашылга өтүү өтө кыйын. Бул ыкма тамак-аш коопсуздугун карап, интернет аркылуу тамактануучу жай издеген кардарларга жардам берер эле. Аталган пилоттук долбоор кайрадан ишке ашышы ыктымал. Муну бардык эле ишкерлер жактыра бербейт. Кызылга ачууланып, биз кетип калгандан кийин сыйрып салган учурлар болгон. Кээде коррупцияга жол берилип калат.
— Тамак-аш коопсуздугу программасы тууралуу эмне айтасыз?
— Бул программа башынан эле бар. Бирок азык-түлүктүн запасынын жеткиликтүүлүгүнө гана басым жасалып калууда. Дыйкандын огородунан дасторконго чейинки тамак-ашка көңүл бурганда гана коопсуз азыктана алабыз. Эмне жеп жатканыбызды көзөмөлдөгөн атайын орган жок. Ветеринардык кызмат айыл чарба, сүт, эт азыктары менен, биз даяр тамак-аш менен алекпиз. Фитосанитардык кызмат кылкандуу дан эгиндеринен баштап, базарга түшкөн жер-жемишти карайт. Сырттан кирген азыктарды, жер семирткичтерди да көзөмөлгө алганда гана тамак-аш коопсуздугу сакталат. Бизде тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзам жок. Анан кайдагы жоопкерчилик тууралуу сөз кылабыз? Бир нече жолу мыйзам долбоору каралып, бирок өтпөй калды. Бардык өлкөлөрдө бул мыйзам кабыл алынган. Учурда тамак-аш жаатында иштеген ишкерлердин жоопкерчилиги каралган эмес.