БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкекте "Россиялык изилдөөлөр борбору" ачылганын РФ элчилиги билдирди.
Борбор Кыргыз улуттук университетинин базасында иштейт.
"Изилдөө борбору Россия жана орус-кыргыз мамилеси тууралуу маанилүү маалыматтарды чогултуп жайылткан илимий-маалыматтык аянтча болот. Окуу-методикалык ишмердүүлүктүн алкагында мектеп жана окуу жайлардын мугалимдери үчүн лекция, семинарларды өткөрүп туруу пландаштырылууда", — деп айтылат билдирүүдө.