Путин: КМШ элдеринин маданий жакындыгы — бекем алаканын кепили

Россия лидери 13-октябрда Бишкекте өткөн саммитте орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында орус тили боюнча эл аралык уюмдун ишинин маселесин чечүү маанилүү экенин белгилегенин РИА Новости жазды.
"Россия КМШга төрагалык кылуу учурунда жалпы мурасыбыз болгон орус тилин сактоо темасына өзгөчө көңүл бурат. Орус тили биздин өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө улуттар аралык баарлашуу тили болуп келген жана кала бермекчи", — деген РФ президенти.
Ал 13-октябрда Бишкекте өткөн саммитте орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салган.
Мындан тышкары, ал КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин маданий жакындыгы жана жалпы тарыхы кызматташтык байланыштарды өнүктүрө турганын кошумчалаган.
"КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган. Бул тема чындап эле маанилүү. Анткени биздин элдердин маданий байланышы менен руханий жакындыгы, кылымдап келе жаткан жалпы тарыхы КМШда интеграциялык процесстердин бекем пайдубалы болуп саналат", — деген Путин.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко: Путиндин КРге болгон сапары кызматташуунун келечеги кең экенин тастыктады