БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында ВДНХдагы Кыргызстандын павильонуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаровго кыргыз күркөсүнүн ишинин алдыдагы пландары тууралуу айтып беришти. Тагыраагы, павильондун аймагында улуттук тамак-аштарды камтыган ресторан ачылары, жыйындар залы болору, жалпы Кыргызстан тууралуу, өзгөчө анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн маданияты жөнүндө интерактивдүү маалымат тактайлары орнотулары айтылды.