Бишкекте 5 мектеп, бир университетке бомба коюлганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектеги беш мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар эвакуацияланды.
Маалым болгондой, № 69, 33, 89, 67 орто мектептерине жана "Илим" менчик мектебинин электрондук дарегине имаратка жардыруучу зат коюлгандыгы боюнча кат келген.
Ушундай эле маалымат Кыргыз-Россия Славян университетинин башкы корпусуна да түшүп, ал жактагылар да эвакуацияланган.
Буга чейин да бир нече мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, кийин ал тууралуу жалган кабар тараткан окуучулар кармалган.
Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп алдаган 9-класстын үч окуучусу кармалды