Пресс-борбор

Россия, Германия, Катар жана башка өлкө жарандары Мекен-карта ала башташты

Мекен-карта — боордоштордун мамлекеттик мааниге ээ болгон документи. Аталган статус Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдары, неберелерине жана Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге да берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова 38 адам Мекен-карта алганын билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги "Эмгек мигранттары үчүн бийлик эмне кылууда" аттуу брифингде сүйлөдү.
Эске салсак, Мекен-карта — боордоштордун мамлекеттик мааниге ээ болгон документи. Аталган статус Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдары, неберелерине жана Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге да берилет. Ал документти Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдүн жарандары ала албайт. Мекен-карта 10 жылдык мөөнөткө берилет, баасы 10 миң сом.
"Жалпысынан 38 адам Мекен-карта алды. Булар — Россия, Германия, Корея, Бельгия, Австрия, Түркия, Түркмөнстан, Катар өлкөлөрүнүн жарандары. Документтерди калкты тейлөө борборлоруна же дипломатиялык мекемелерге тапшырса болот", — деген ал.
Мекен-картасын алгандан кийин жаран төмөнкүлөргө укуктуу:
визасыз кирип-чыгуу;
жашап туруу документин толтурбай эле КРдин аймагында туруктуу жашоо;
эмгек визасын толтурбастан жумушка уруксат албай эле ишке орношуу;
кыргызстандыктар менен катар эле медициналык жана билим берүү кызматтарын колдонуу;
айыл чарба багытындагы жерлерди алуу.
Шайлоого, шайланууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө, укук коргоо органдарында, коргонуу жана сот системасында иштөөгө укугу жок.
Президент Жапаров миграцияга кеткендерди өлкөдөн жумуш караштырууга чакырды