Бишкекте кыз ала качууга шектелип төрт жигит кармалды

Милиция кыз ала качуу кылмыш экенин эскертип, адам уурдагандар жазага тартыларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкекте кыз ала качууга шектелип төрт жигит кармалганын Биринчи май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 14-декабрь күнү милицияга Т.Ж. аттуу кыз кайрылып, аны күч менен ала качып кеткендерди жазага тартууну өтүнгөн. Кыздын айтымында, белгисиз адамдар шаардагы Айтматов проспекти менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинен ой-боюна койбой автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин ("Никеге туруу үчүн ала качуу") негизинде иш козголуп, тергөө иштери башталган. Жыйынтыгында Чүйдүн аймагынан 24 жаштагы төрт жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.
Милиция кыз ала качуу кылмыш экенин эскертип, адам уурдагандар жазага тартыларын белгиледи.
Депутат Абдалиев мал уурдоо кыз ала качуудан дагы оор кылмыш деп эсептейт