Пресс-борбор

Кыргызстанда эки миңге жакын чет элдик жаран "Санарип көчмөн" макамын алды

Өткөн жылы "Санарип көчмөн" долбоору ишке киргизилген. Бул статусту чет элдик адистер, көбүнчө програмисттер менен дизайнерлер ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эки миңге жакын чет элдик жаран "Санарип көчмөн" макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Эмгек мигранттары үчүн бийлик эмне кылууда" аттуу брифингге катышты.
Өткөн жылы "Санарип көчмөн" долбоору ишке киргизилген. Бул статусту чет элдик адистер, көбүнчө програмисттер менен дизайнерлер ала алышат. Артчыкчылыктары:
Кыргызстанда жашаган жери боюнча каттоого туруу милдетинен бошотулат;
жеке идентификациялык номер (ЖИН) алат;
салык мыйзамдарына ылайык, жеке ишкердик же юридикалык жак катары ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
"Бүгүнкү күндө бул макамды алуу үчүн 4 557 арыз түшүп, 1 975 адамга ыйгарылды. Алардын 1949у Россиянын, 17си Беларустун, алтоо Казакстандын, экөө Армениянын, дагы экөө Молдова менен Азербайжандын жарандары", — деди Мамбетова.
Пресс-борбор
Кыргызстандын бюджетине чет элдик жумушчулардан 229 млн. сом түштү