Пресс-борбор

Кыргызстандын бюджетине чет элдик жумушчулардан 229 млн. сом түштү

Чет элдиктер үчүн бөлүнгөн квота 98,5 пайызга колдонулган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Өлкө бюджетине чет элдик жумушчулар тарабынан 229 миллион сом түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстанда өткөн "Эмгек мигранттары үчүн бийлик эмне кылууда" аттуу брифингге катышты.
Быйылкы жылга чет элдиктер үчүн 16 610 эмгек квотасы бөлүнүп, 98,5 пайызы колдонулган.
"Анын эсебинен бюджетке 229 миллион сом түштү. План боюнча 200 миллион күтүлгөн болчу", — деди Мамбетова.
Пресс-борбор
2023-жылы канча этникалык кыргыз кайрылман статусун алганы айтылды