Каракол — Түп жолундагы үрөй учурган жол кырсыгы. Бир жүргүнчүнүн абалы оор

Кырсыктан тогуз адам жабыркап, эки айдоочу мүрт кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Каракол — Түп унаа жолундагы жол кырсыктан жабыркагандардын ичинен бир аялдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайлымышева билдирди.
Эске салсак, 17-декабрда Ысык-Көлдө, тагыраагы, Каракол — Түп унаа жолунун Михайловка айылына бурулган жеринде Mercedes-Benz Sprinter бусу Mazda Xedos унаасы менен кагышып, эки айдоочу мүрт кеткен.
Жайлымышеванын айтымында, кырсыктан тогуз адам жабыркап, экөө ошол эле күнү амбулатордук дарылоого кеткен. Калган жетөө алгач Түп районундагы ооруканага жеткирилип, кийинчерээк Каракол шаарындагы облустук ооруканага которулушкан.
"Жети бейтаптын ичинен 65 жаштагы аялдын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандарынын абалы туруктуу", — деди ал.
Сузактагы жол кырсыктан ымыркай жабыркап, энеси каза тапты