Радио

КФБ эл аралык биржа рыногуна чыгуу үчүн инфраструктурасын жакшыртууда

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Москва биржасы, Казакстандын биржасы абдан чоң операцияларды жасай тургандыгын айтты.
Sputnik
Кыргыз фондулук биржасы эл аралык биржалар менен кызматташуу үчүн өзүнүн инфраструктурасын жакшыртууда. Бул биржадагы бардык секторлор боюнча операция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачып, биржа аркылуу соода-сатыктын көлөмү өсөрүн Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биржада эл аралык стандарттарга жооп берген шарт түзүлсө сооданын көлөмү кескин өсөт.
"Негизи биржанын маалыматтык технологиялар инфраструктурасы күчтүү болушу керек. Жадагалса ири IT-компаниялардан кем калбаган деңгээлде иш алып барып, бардык жагынан корголуп, колдонууга жеңил болушу зарыл. Эл аралык институттар менен кызматташып Кыргыз фондулук биржасынын потенциалын жогорулатуу боюнча 2021-жылдын аягында иш жүргүзүлө баштаган. Ал узак мөөнөттү талап кылгандыктан учурда биринчи фазасы жыйынтыкталып калды. Эми 2024-жылдын жай айларына чейин эки фазасын ишке ашырсак КФБнын инфраструктурасы жакшырып, эл аралык биржалар менен тең ата иштешүүгө жол ачылат. Бул биржадагы бардык секторлор боюнча операция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачып, биржа аркылуу соода-сатыктын көлөмү өсөт", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис Кыргыз фондулук биржасында баалуу металдарды сатуунун потенциалы абдан жогору экендигин кошумчалады.