Пресс-борбор

2023-жылы канча этникалык кыргыз кайрылман статусун алганы айтылды

Мамбетова кайрылман статусун алгандардын басымдуу бөлүгү Тажикстандын жарандары экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 138 качкын жашайт. Ушул жылдын 11 айында 464 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги "Эмгек мигранттары үчүн бийлик эмне кылууда" аттуу брифингде сүйлөдү.
Мамбетова кайрылман статусун алгандардын басымдуу бөлүгү Тажикстандын жарандары экенин белгилеген. Алардын көбү мектептерде окушат. 28 киши иш менен камсыз болгон.
"1-ноябрга карата маалымат боюнча, 138 качкын бар. 1 141 адам баш паанек сураган", — деди ал.
Радио
Искендеров: мигранттарды ЕАЭБге интеграциялоодо диаспоралардын орду чоң