БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Мэрия Бишкекте Чүй проспекти аркылуу өткөн кичи автобустардын кыймылы өзгөрүп жатканын эскертти.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, 18-декабрдан, тагыраагы, бүгүндөн тарта Чүй проспектинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш гвардия проспектине чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылы толугу менен Киев, Токтогул, Фрунзе көчөлөрүнө багытталат.
Тактап айтканда, №172, №169, №225, №163, №220, №203, №215, №136, №137, №104. , № 164, № 222, № 135, № 192, № 166, № 258, № 243, № 138, № 176, № 199, № 179, № 260, № 211, № 185, № 250, № 254, № 285, № 111, № 216, № 134, № 202, № 208, № 227, № 143, № 129 жана № 240 маршруту менен жүргөн бустар Ибраимов көчөсүнөн тартып Жаш гвардия проспектисине чейин Чүй проспектиси аркылуу өтпөй калат.
Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.
Коомдук транспорт боюнча 0(502) 205-202 телефонуна кайрылса болот.