Бишкектин 8 көчөсү бир тараптуу болот. Тизме

Муниципалитет эки тараптуу боло турган көчөлөрдүн тизмесин да берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектин сегиз көчөсү бир тараптуу боло турганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, автоунаалардын кыймылына өзгөртүү 8-январдан тарта киргизилет.
Бир тараптуу боло турган көчөлөр:
Турусбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);
Үмөталиев көчөсү. Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
Калык Акиев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);
Тыныстанов көчөсү. Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейин (түндүктөн түштүккө);
Раззаков көчөсү. Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
Орозбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);
Гоголь көчөсү. Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
Сүйүнбаев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө).
Ал эми Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненкого чейинки бөлүгү жана Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүктөрү эки тараптуу болору айтылды.
Мэрия шаардыктарды коомдук транспортко өтүүгө чакырды