Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадагылар Батыштын жардамы келбей калса эмне кыларын айтышты

Бул тапта ЕБдин Киевге жардам көрсөтүү боюнча бардык чечимдерин Венгрия бөгөттөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эгерде эмдиги жылы Батыштын финансылык жардамы токтосо Украинага Б планын колдонууга туура келет. Бул туурасында Владимир Зеленскийдин кеңешчиси, экономист Олег Устенко айтканын РИА Новости жазды.
"Эгерде январдын алгачкы күндөрүндө колдоо болбосо, анда Б планына өтүү керек дегенди түшүндүрөт. Бул көп тепкичтүү болушу мүмкүн, бирок биринчи этапта ички рыноктогу четтен алынган капиталдарга кайрылуу туура болот", — деген ал.
Устенконун пикиринде, Украинанын Финансы министрлиги мындай чараларды колдобошу мүмкүн. Эксперт анткен менен булар жылдын башында кырдаалды аз болсо да турукташтырууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
Бул тапта ЕБдин Киевге жардам көрсөтүү боюнча бардык чечимдерин Венгрия бөгөттөп жатат. Анын ичинде аскердик жардамдын 500 миллион евролук 8-траншы, Европа фондунун 2024-жылга бере турган беш миллиард евросу, төрт жылга каралган 20 миллиарддык аскердик көмөгү, андан сырткары, 2024-2027-жылдарга каралган 50 миллиарддык макрофинансылык жардамы бар.
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Ак үйдүн Украинага кезектеги аскердик жардам кароо маселесин талкуулабай жаңы жылдык каникулга чыгып кетти. Аны Конгресстин эки палатасы бекитип бериши керек эле.
Эл аралык валюта фонду Украина Батыштын жардамысыз канчага чыдаарын айтты