Акылбек Жапаров: Көчмөндөр оюндары КМШда маданий жетишкендиктерге кирет

Жапаров КМШ өлкөлөрү маданий-гуманитардык кызматташтык тармагында олуттуу ийгиликтерди багынта алганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. "Витебскидеги Славян базары" эл аралык искусство фестивалы, КМШ мамлекеттеринин оюндары жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары КМШда ийгиликтүү ишке ашырылган жалпы маданий жетишкендиктерге кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россияда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.
Жапаров КМШ өлкөлөрү маданий-гуманитардык кызматташтык тармагында олуттуу ийгиликтерди багынта алганын белгилеген.
"Шериктештикке мүчө мамлекеттерге белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Бул маданият тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет. Мындай иш-чаралар белгилүү бир өлкөнүн жана жалпы шериктештиктин имиджин жогорулатуунун каражаты катары дагы кабыл алынышы керек. "Витебскидеги Славян базары" эл аралык искусство фестивалы, КМШ мамлекеттеринин оюндары жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары КМШда ийгиликтүү ишке ашырылган жалпы маданий жетишкендиктерге кирет", — деген Жапаров.
Ал россиялыктарды эстафетаны колго алышы менен куттуктап, ийгилик каалаган.
Путин: КМШ элдеринин маданий жакындыгы — бекем алаканын кепили