19-декабрга карата аба ырайы

19-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 19-декабрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Жолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +2...+7 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +5...+10 градус, Ысык-Көл жергесинде -1...+4 градус жылуу болсо, Нарында -3...-8 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаада +5...+7, Ош шаарында +6...+8 градус жылуу болору болжолдонду.
Бишкекте бүгүндөн баштап 36 маршрутка Чүй проспекти менен жүрбөйт