Радио

Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүчү мыйзамга өзгөртүү сунушталууда

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Алижанов үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге берилүүчү убактылуу коргоо ордерин үч күндөн 30 күнгө узартуу сунушталып жатканын айтты.
Sputnik
Жыл ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 11 783 учур катталса, анын 10 222сине убактылуу коргоо ордери берилди. Бул тууралуу Таалайбек Алижанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка көбүнесе аялдар кабылат.
"Быйыл 11 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталса, анын 10 миңден ашыгына убактылуу коргоо ордери берилди. Бул ордер — юридикалык күчү бар документ. Ага ылайык, жабырлануучу менен зомбулук көрсөткөн адамдын ортосунда үч сутка аралыгында эч кандай байланыш болбошу керек. Үч күн бою милиция кызматкери барып же телефон чалып, кошуналарынан, жабырлануучудан сурап турат. Эгер зомбулук көрсөткөн киши бул талаптарды аткарбаса Укук бузуулар кодексинин алкагында жоопко тартылат. Бирок убактылуу коргоо ордери берилген маалда змобулук көрсөткөн адам менен жабырлануучу бир үйдө жашаган болсо кадимкидей эле күн кечире берет. Бул аралыкта жабырлануучу зомбулук көрсөткөн кишини үйдөн чыгарып салууну кааласа атайын сотко кайрылууга, медициналык жардам керек болсо аны алууга, кризистик борборлордон да көмөк алууга укугу бар. Ал эми үч суткалык убактылуу ордерди аткарган соң зомбулук көрсөткөн кишини биз жүрүм-турумун оңдоочу атайын программадан өткөрөбүз. Анын мөөнөтү бир ай. Учурда ушул үч күндүк убактылуу ордер берүүнү дароо эле 30 күнгө узартып, жүрүм-турумун коррекциялоочу программадан бул аралыкта милдеттүү түрдө өтө тургандай кылып мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда", — деди Алижанов.
Ал үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары үчүнчү тараптардын, кошуна же туугандардын кайдыгерлигинен улам да көбөйүп жатканын кошумчалады.