БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаар тургундарынан жаңы жылдык каникул учурунда канализацияны пайдалануу эрежелерин эске алып, таштанды чыгарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынын сайтында маалымдалган.
"Көпчүлүк учурда шаардыктар канализацияны ар кандай таштандыларды утилдештирүүнүн универсалдуу каражаты катары колдонушат. Көйгөй өзгөчө майрамдык мезгилден кийин, канализация системасына кирген тиричилик жана майрамдык таштандылардын көлөмү көбөйгөндөн кийин жаралат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия канализация суюк тиричилик калдыктарына гана арналганын эскертет. Ошондой эле жаңы жылдык майрамдан арткан тамак-ашты канализацияга төкпөөнү өтүнөт.