БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байдендин Россия НАТО өлкөлөрүнө кол салары тууралуу айткан кеби акылга сыйгыс. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин журналист Павел Зарубинге берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Акылга сыйгыс сөз. Президент Байден деле муну түшүнүп жатат деп ойлойм. Бул — жөн гана өзүнүн Россия тарапка болгон чеки саясатын жабыш үчүн айтылган кеп", — деди Путин.
Ошондой эле ал Россиянын НАТО өлкөлөрү менен маселеси жоктугун, алар көйгөйдү жасалма түрдө жаратып жатканын белгиледи.
"Башка өлкөлөр сыяктуу эле НАТОдогу мамлекеттер менен да маселебиз жок. Ким менен кандай көйгөй жаралды эле? Муну өздөрү жасалма түрдө жаратып жатат, анткени Россиядай атаандаштын болушун каалашпайт", — деди РФ президенти.
Аны менен катар Путин АКШ НАТОго кожоюндук кылып, бул уюм анын арткы эшигине айланып калганын айтты.