БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
17-23-декабрга чейинки божомолго ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында температура -0...-1 градуска чейин түшөт. Жуманын ортосунда кар жаап, калган күндөрү күн ачык болот.
Чүй, Талас
17-декабрда кар жаап, айрым жерлерде туман түшөт. Эртеси күн ачык болуп, 19-20-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-23-декабрда күн ачылат.
Ош, Баткен
Бул аймакта дагы 17-декабрда кар жаап, туман түшөт. Калган күндөрү күн ачык болот.
Жалал-Абад
Облуста 17-декабрда кар жаап, туман түшөт. Ал эми 19-декабрда күндүз жана 20-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт. Жуманын этегинде күн ачык болору айтылды.
Ысык-Көл, Нарын
Аймактарда 17-декабрда кар жаашы күтүлөт. Андан кийинки күндөрү, 18-19-декабрда жаан-чачын болбойт. 20-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Ал эми 21-23-декабрда күн ачык болот.
20-декабрда күндүз Ысык-Көл акваториясында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши күтүлөт.