Кайрат Жыргалбек уулу Кыргызстандын эң мыкты футболчусу аталды

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. "Абдыш-Ата" футбол клубунун жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу 2023-жылдагы өлкөнүн эң мыкты оюнчусу деп табылды. Бул туурасында Кыргыз футбол союзу билдирди.
Football Awards 2023 башкы футбол сыйлыгын тапшыруу аземи кечээ Бишкекте өткөн.
Бул наам үчүн Жыргалбек уулу улуттук команданын мүчөлөрү Алимардан Шүкүров жана Християн Браузман менен ат салышкан.
Ал эми кыз-келиндер арасында Кыргызстандын мыкты футболчусу болуп Кенжебүбү Ырысбек кызы аталды.
Садыр Жапаров катышкан "Мурас" футбол турниринен сүрөттөр