Интернаттагы балдардын 5%ы гана эки ата-энесинен айрылгандар. Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандын интернаттарындагы балдардын беш пайызы ата-эненин экөөнөн тең айрылгандар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматта республикада жалпысынан 137 интернаттык мекеме катталганы, аларда 9900 бала жашай турганы айтылган.
"Алардын беш пайызы гана ата-энеси жоктор, калгандарынын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү бар", — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле жыл сайын орто эсеп менен интернаттын 180 окуучусу орто мектепти аяктайт, алардын үчтөн экиси 11-класска чейин окуп чыгышары маалым болду.
Депутат Садырбаева жашыруун төрөткө уруксат берүүнү сунуштады. Чоо-жайы