ЦАХАЛдын Генштабы израилдик үч туткундун өлүмүнө жоопкерчилик алды

Аскерлердин эки учурда тең тиешелүү эрежелерди бузуп ок чыгарганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) Генералдык штабынын жетекчиси Герци Халеви туткунга түшкөн үч израилдиктин өлүмү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул тууралуу ЦАХАЛдын Telegram каналында айтылганын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, жума күнү өлкө армиясынын маалымат кызматы палестиналык ХАМАС кыймылы тарабынан 7-октябрь күнү туткундалган үч израилдик жаран каза болгонун билдирген. Барымтадагылар ЦАХАЛ аскерлеринин адашып чыгарган огунан мертинишкен.
Териштирүүнүн жүрүшүндө армиянын жакшы тааныш өкүлү туткундагы үч эркек киши Газадагы Шейжая районунда жайгашкан имараттан үстүңкү кийими жок чыгышканын, биринин колунда ак кездеме байланган таяк болгонун айтып берген. Ал жерден алыс эмес аймакта турган израилдик аскерлердин бири туткундарды биринчи болуп байкап, каршы тарап катары кабыл алып ок чыгарган.
"Экөө мүрт кеткен, жарадар болгон үчүнчү киши кайра имаратка кирген. Жоокерлер анын иврит тилинде кыйкырганын угуп, бөлүктүн командири ок атууну токтотуу буйругун берген. Анткен менен үчүнчү туткун да октон каза тапкан. Аскерлер эки учурда тең тиешелүү эрежелерди бузуп, ок чыгарганы аныкталды", — деген ал.
Генштабдын башчысы мындай каргашанын экинчи кайталанбашы үчүн бардык аракет көрүлөрүн белгилеген.
"Израилдин Коргоо армиясы, мен анын командири катары окуянын жоопкерчилигин алабыз. Мындай каргашанын кайталанбашына аракет кылабыз. Каза болгон туткундардын жакындарына көңүл айтабыз", — деди Хагари.
Кырдаал курчуган 7-октябрдан бери Газа секторунда көз жумгандардын саны 18,7 миңден ашты, 50 миңдей киши жабыркаганы айтылууда. Израилде 1,2 миң адам каза тапкан. Ортодогу убактылуу элдешүү соңуна чыккандан кийин Тель-Авив ХАМАСтын туткунунда 132 израилдик жана 11 чет элдик жаран бар экени айткан. Барымтада кармалып турган 110 киши бошотулган.
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Бул апаат! Путин Газа секторундагы абал тууралуу