Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО Киевге жардам бере албайт. АКШда Россиянын жеңиши тууралуу айтыла баштады

РФ лидери Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу эч кандай натыйжа бербегенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. НАТО Россия президенти Владимир Путиндин эскертүүсүнөн жана Москванын азыркы жаңжалдагы үстөмдүгүнөн улам Украинаны альянска кабыл алуу маселесин карабайт. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн экс-чалгынчысы Тони Шаффер Judging Freedom YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Дегеле ишке ашпай турган нерсе. Путин буга жол бербей турганын ачык айтты", — деди ал.
Шаффердин айтымында, Украинанын территориясы Россия менен Батыштын ортосундагы "буфердик зонага" айланышы мүмкүн.
"Бүгүнкү күндө орустар жеңишке жетти. Эмки маселе Путиндин жаңжалды кандайча аяктоону көздөп жатканында. Эгер зарыл болсо Украинадан эч нерсе калбайт", — деди экс-чалгынчы.
Буга чейин РФ лидери Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу эч кандай натыйжа бербегенин билдирген. Ал эми Россиянын атайын операциясы өз нугунда жүрүп, коюлган бардык максаттар сөзсүз аткарылары айтылган.
CNN Кивеге АКШ жана ЕБ тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо кечеңдеген сайын Украина НАТОнун көз жаздымында калып бара жатканын билдирген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинадагы жаңжал созулган сайын сүйлөшүү шарттары татаалдайт