18-декабрга карата аба ырайы

18-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө -2...+3, ал эми Нарында -4...-9 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +5...+7, Ош калаасында +6...+8 градуска чамалап барат.
Сууктун тумшугу сынат. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы