Президент Жапаров миграцияга кеткендерди өлкөдөн жумуш караштырууга чакырды

Президент кийинки жылы курулуш тармагында иш орундары дагы көбөйө турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров курултайда Кыргызстанда иш жок деп миграцияга кетип жаткандарга кайрылды.
Президент Садыр Жапаров курултайда
Анын айтымында, былтыртан бери курулуш жана тигүү тармагында жумуш орундары көбөйдү.
"Курулуш тармагы өсүп, тикмечи фабрикалар көбөйүп жатат. Азыркы тапта 10 миңге жакын жумуш орундары бар. Курулушка коңшу өлкөлөрдөн келип иштеп жатканын билесиздер. Өзүбүздүкүлөр башка мамлекетте жүрөт, 60-70 миң рубль алат экен. Бизде деле 70 миңден берип жатат, келгиле десек келбей жатышат. Кудай буюрса жумуш орундары мындан да көбөйөт", — деди Жапаров.
Президент кийинки жылы курулуш тармагында иш орундары дагы көбөйөрүн айтып, миграцияга кеткендерди өлкөдөн жумуш караштырууга чакырды.
Абдан кайдыгербиз! Жапаров шайлоого катышпагандарды сынга алды