Өлкө башчы курултайда бейөкмөт уюмдар боюнча пикирин билдирди

Жапаров бийлик алардын акчасын талашпаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоор боюнча II Элдик курултайда пикирин билдирди.
Мамлекет башчы 30дан ашык мамлекет Кыргызстанды бул мыйзам долбоорун кабыл албоого мажбурлап жатканын белгиледи.
"Ачуум келип төрт-беш өлкөдө суроо бердим. Силерде бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар барбы десем бар дешти. Алар силерге каяктан акча келип түшкөнү, канча эмгек акы алганы, Соцфонд менен салыкка канча кеткени тууралуу отчёт беришеби десем, ооба дешти. Анда эмне үчүн биз отчёт албашыбыз керек же биз экинчи сорттогу адамдарбызбы дегенде дудук болуп калышат", — деди президент.
Жапаров бийлик алардын акчасын талашпаганын белгиледи.
"Алардын акчасын талашып, кыйнаган жокпуз. Отчётту ачык көрсөт деп жатабыз. Буга чейин эч ким ачык көрсөтпөй иштеп келген. Чоң суммада акча алышат, бирок салык төлөшпөйт. Жок дегенде айлыгынан Соцфондго төлөм которушу керек да", – деди өлкө башчы.
Жапаровдун бул кебин залдагылар кол чаап колдошту.
Башка томуйта эле чапчу. Президент Жапаров мугалимдер тууралуу