Россиянын алдыңкы блогерлери Бишкекте мастер-класс өткөрөт

Жолугушууга студенттер, мектеп окуучулары жана жаш ишкерлер катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Русский дом" жана бүткүл россиялык "Дем берүүчүлөр" кыймылы Кыргызстандын жаштары үчүн мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Россиянын алдыңкы блогерлери иш-чараны Бишкекте 18-20-декабрь күндөрү өткөрөт. Алар жеке брендди түзүүнү, санариптик контент жаратууну, илимди жана нанотехнологияны алдыга жылдыруунун сырларын айтып, башка темалар боюнча дагы кеп кылышат.
Жолугушууга студенттер, мектеп окуучулары жана жаш ишкерлер катыша алат. Иш-чаралар Кыргыз-Россия Славян университетинде, Кыргыз улуттук университетинде, Илимдер академиясында жана Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") өтөт.
Мастер-класс берчүлөр:
Алексей Добрусин — TravelTech компаниясынын негиздөөчүсү, маркетолог, жеке брендди жана санариптик контентти түзүү боюнча эксперт.
Инна Якупова — стандарттык эмес сулуулар моделдик агенттигинин (BST Models) түзүүчүлөрүнүн бири, фотограф, продюсер, фототурлардын уюштуруучусу.
Дмитрий Кузнецов — окумуштуу-материал таануучу, технологиялык ишкер, илимди жайылтуучу, Сколково илим жана технология институтунун магистранты, IPG Photonics инженери.
Мастер-класстардын расписаниеси менен Россотрудничествонун Telegram-каналынан таанышууга болот.
Ош шаарында орус тилин окутуу борбору ачылды. Сүрөт