БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Казакстанга жардамга барган Кыргызстандын куткаруучулары карда тыгылып калган унааларды техника менен сүйрөп чыгарууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Видео Кордай – Шу унаа жолунда тартылган.
Коңшу мамлекетте катаал аба ырайынан улам автоунаалар кар күрткүдө калган. Кечээ Кыргызстандын ӨКМи 39 куткаруучу менен техниканын түрүн жөнөткөн.
"Кызматкерлер кар күрткүдө калган 16 кыргызстандыкты мекенине кетирди. Алар үчүн "Ак-Жол" өткөрмө постунда жылынуучу пункт ачылып, тамак-аш берилген. Көбүн чек арадан өтөрү менен туугандары тосуп алып кетишсе, калганы ӨКМдин унаасы менен Бишкекке жеткирилди", — деп жазылган маалыматта.
Түндө куткаруучулар Кордай ашуусунда карга тыгылып калган үч оор жүк ташуучу жана жеңил унааны сүйрөп чыгарышкан.
Казакстан Жамбыл облусунун Кордай жана Шу райондорунда өзгөчө кырдаалдар режимин киргизген.