БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Украина каражаттын жоктугунан жана контрчабуулдун ишке ашпай калышынан улам кыйрашы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ армиясынын мурдагы чалгынчысы Скотт Риттер журналист Гарланд Никсенге билдирген.
"Социалдык кыйроо жакындап келе жатат, ал саясий бүлүнүүгө алып келет. Биз Украинанын улуттук мамлекет катары кыйрап баштаганына күбө болуудабыз. Азыр Украинага соңку жардамдар берилип жатат. Андан ары согуш талаасындагы жеңилүүлөр өлкө ичинде башаламандыкты жаратат. Бардыгы соңуна чыгып баратат, алардын курал-жарагы калбады", — деди Риттер.
Ал Батыш Киевге мурдагыдай жардам бербей калганын, Ак үй мындан кийинки каржылоону убадалабаганын кошумчалаган. Венгрия Евробиримдиктин көп жылдык бюджетин 66 миллиард еврого көтөрүүнү, анын ичинде Киевге жардамды 50 миллиард еврого көбөйтүүнү колдобой койгонун айтты.
Буга чейин Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ Украинаны колдоп жатканынын аркасында жоопкерчиликти сезиши керектигин, Вашингтон жаңжалды тутантып гана жатканын билдирген.