Ангина бөйрөк оорусун шарттайт. Нефрологдун кеңеши

Адистин айтымында, бөйрөктүн ооруганы көп сезилбейт. Мындан улам оорусу барлар көп учурда аны байкабай жүрө беришет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бөйрөк оорусун алдын алуу жөнөкөй болгону менен ошол эле учурда татаал десек болот. Бул тууралуу нефролог Эльнура Ахунова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Дарыгер бөйрөк суукту "жаман көрөрүн" айтып, кышкысын жылуу кийинүү керектигин эскертти.
"Бөйрөк суук тийгенде катуу жабыркайт, эгерде ага инфекция кошулуп калса, абал кыйла оорлошуп кетет. Бирок бул органдын ооруганы сезилбейт, андыктан көп учурда бөйрөгү ооруп жатканын билбей жүрө бергендер болот", — деди Ахунова.
Ал ошондой эле инфекциялык илдеттер менен адаттагы ангина дагы бөйрөктүн олуттуу ооруга чалдыгуусуна себепкер болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
"Андыктан сасык тумоону, суук тийгендеги ооруну как айыктыруу зарыл. Болбосо бул өлүмгө чейин алып барат. Менин практикамда өкүнүчтүү окуя болгон. Бир киши сынган бутун ириңдетип алган. Оору ырбап кетип, организмге кирген инфекциядан улам киши бөйрөгүн алдырган. Эми гемодиализ менен жашап жатат", — деп эскерди адис.
Ал ошондой эле керектүү өлчөмдө суу ичип туруу зарылдыгын айтты. Суу жетишсиз болгон учурда бөйрөктө таш пайда болорун түшүндүрүп, жылына бир жолу дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп коюу ооруну алдын аларын дагы бир ирет эскертти.
Бөйрөктү кантип сакташ керек? Дарыгердин кеңеши