"Жамийла", "Жеңижок" тасмаларын тартууга 35 млн. сом бөлүнөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тасма тартуу үчүн 35,2 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов билдирди.
Аталган суммага эки кино тартылат. Биринчиси — Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде, экинчиси — ак таңдай акын Жеңижок Көкө уулунун бейнесин баяндаган "Жеңижок" тарыхый тасмасы.
Картиналарды жаратуу үчүн каражат 2024-жылдын республикалык бюджетине киргизилди.
Кыргызстан менен Өзбекстан "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" боюнча тасма тартат