Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Венгрия Украинага делген 50 млрд. долларлык жардам пакетин бөгөттөдү

Акыркы мезгилде Венгрия Евробиримдиктин Украинага байланышкан чечимдеринин баарына вето коюп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Венгрия кайрадан Украинага багытталган 50 миллиард долларлык жардам пакетин бөгөттөгөнүн өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан социалдык баракчасы аркылуу билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Түнкү жыйындын (ЕБ саммити) соңу: Украина үчүн делген кошумча акчага вето коюлду. Биз бул маселеге тиешелүү даярдыктан кийин жаңырган жылы кайрылабыз", — деп жазган премьер.
Буга чейин Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель ЕБ лидерлери Украинага 2024-жылдын башында финансылык жардам бөлүү чечимин бир добуштан кабыл аларына ишеним арткан эле.
Акыркы мезгилде Венгрия Евробиримдиктин Украинага байланышкан чечимдеринин баарын бөгөттөп келет, анын ичинде 500 миллион евролук аскерий жардам көрсөтүү, Европа фондунан кийинки жылы аскердик колдоо көрсөтүүгө 5 миллиард евро бөлүү, төрт жыл аралыгында берилүүчү 20 миллиарддык аскердик техника жана 2024-2027-жылдарга карата 50 миллиарддык макрофинансылык жардам камтылган.
Буга чейин премьер-министрдин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Балаж Орбан Будапешт Киевге акча бөлүүгө коюлган ветону Венгрияга европалык фонддордон келчү акчаны берүү чечимине айырбаштай турганын билдирген.
Шаршемби күнү Еврокомиссия Венгрияга берилүүчү 10 миллиард еврону блоктон чыгарууну убадалаган. Брюссель мындай кадамы менен Орбанды ийге келтирүүнү көздөп жатканы айтылган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй Украина үчүн каражаты калбай калганын тастыктады