РФ ТИМи: Кыргызстан менен мамиледе элдик дипломатиянын ролу чоң

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Элдик дипломатия өлкөлөр менен элдер ортосундагы байланышты бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келет. Бул тууралуу Россия ТИМ Департаментинин мекендештер менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчиси Алексей Роскошный россиялык мекендештердин VII жаштар конференциясында билдирди.
Россия ТИМ Департаментинин мекендештер менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчиси Алексей Роскошный
"Биздин мекендештердин элдик дипломатиясы өлкөлөр менен элдердин маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөдө олуттуу салым кошуп келет", — деди Роскошный.
Ал элдик дипломатияда жаштар негизги ролду ойной турганын белгиледи.
"Ыктыярчылык маанайдагы сиздердин ишмердүүлүк маданий баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө. Түрдүү улуттагы жана маданияттагы адамдар менен иштешүү тил табышууга, маданий тоскоолдуктарды жеңүүгө жана пайда болгон көйгөйлөрдү жеңил чечүүгө үйрөтөт", — деди ал.
Элчи: РФ Кыргызстанда социалдык-экономикалык туруктуулукту сактоого көмөктөшүүдө