БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Нарын облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада ижара акыны 20дан 50 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мындай иштер министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында аткарылууда.
Жеңилдик төмөнкү соода-базар комплекстеринде берилди:
"Абдырай-Ата" СБКсы (Нарын шаарындагы ун базары);
"Береке" СБКсы (Нарын шаарындагы бут кийим базары);
"Он-Арча" СБКсы ("Мукаш-Ата" ЖЧКсы, Нарын шаары);
"Мегакомфорт" СБКсы (Нарын ш.);
"Эки-Нарын" СБКсы (Нарын);
"Чойбек-Ата" СБКсы (Нарын);
"Чолук-Ата" СБКсы (Нарын ш.);
"Өсей-Ата" СБКсы (курулуш материалдары, Нарын ш.);
"Чолпон" СБКсы (Нарын);
"Теңир-Тоо" СБКсы (Нарын);
"Бейшенбеков Болот" кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору);
"Алтын-Ордо" соода борбору (Кочкор районунун борбору), ээси М.Асакеев;
"Ибраев Каныбек" кийим базары (Кочкор районунун борбору);
"Жанузаков Сагынбек" кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору);
"Дордой" мал базары (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району);
"Береке" СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы);
"Ак-Жолтой" СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы);
"Оторбаева Сатынбүбү" (Жумгал районунун Куйручук айылындагы мал базары);
"Керек-Жарак" СБКсы (Баетов айылы, Ак-Таалы району).
Нарын облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге соодагерлерге шарт түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында кассаны көзөмөлдөгөн машиналар (ККМ) менен камсыз кылышат.
Нарын облусунда 2 383 ККМ катталган, патенттин негизинде 894 ишкер ишин улантууда.